Бүбүш Осмонаалы кызы
Тарыхта көптөгөн таасирдүү аялдар өздөрүнүн активдүүлүгү, искусствосу, саясаты жана лидерлиги аркылуу коомго зор таасирин тийгизип келет. Бирок, аялдардын тарых-таржымалы, басып өткөн жолу, кылган эмгеги көп учурда этибарга алынбай, көмүскөдө кала берүүдө. Бул макалада жөнөкөй, таанымал эмес, бирок ошол эле учурда күчтүү, баатыр айымдын өмүр таржымалы чагылдырылды. Анын аты- Бүбүш.
Бүбүш Осмонаалы кызы белгисиз, жөнөкөй, карапайым, ошол эле учурда адилеттүүлүк, намыс жана бийик адамдык касиеттерин көрсөткөн, адам деген улуу атты бийик туткан инсан. Ал мектеп жашынан тарыхга, санжырага кызыгып, адабий китептерди көп окуп, билимин жогорулатууга, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырууга өтө ынтызаар кыз эле. Бүбүштүн тагдырында трагедия дагы, салтанатта орун ала алды. Апа ѳткѳн кылымдагы кыйын кезеңдерге күбѳ болуп, үй-бүлѳсү менен бѳтѳн жерде оор жазмышты башынан ѳткѳрдү. Саясий репрессиянын курманы болгон атасынын ысымын актоо аркылуу, адам укугу, бийликтин жарандарга болгон адилетсиз мамилеси менен жашоосунун аягына чейин күрөштү. Бүбүш апа стереотиптерден коркпой, ишенимдүү кадамдарга барып, коомубуздагы эркектердин салтка айланган санжыачылык милдетин аткарган аял
Санжырачы аял

1
Түштүк Дарбаза

Түштүк Дарбазадагы Үркүндү эскерүү ташы. Бул жерге мемориалдык комплекс куруу үчүн 1993-жылы өкмөт Орто-Сай сейил багынан 2,5 гектар жер тилкесин “Ашар” кыймылына бөлүп берген. Бирок, бул жерге чакан эстелик-таш коюлуп, мемориал курулуучу аймак ар кандай кафе-ресторандар жана башка оюн-зоок жайларына айланган.
5-август, саат 9:00
2
Токмок шаары
1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүнгө байланыштуу тарыхый окуялар Токмок шаары менен тыгыз байланышта. Токмок аймагындагы көтөрүлүш окуялары жөнүндө З. Миндлин «Кыргыздар жана революция» деген очеркинде, ошондой эле И.Чеканинский «Кыргыздардын козголоңу» китебинде жазган. “Эсимде Үркүн” эскерүү жүрүшүндө Токмок шаарындагы эс тутум жайларына кайрылабыз.
5-август
3
Семеновдун көпүрөсү
5-август
4
Боом капчыгайы
Бишкек-Ысык-Көл унаа жолунун түндүк тарабында, Боомдун батыш кире бериш тарабында 2006-жылы, Үркүндүн 90 жылдыгында 1916-жылдагы окуяларды эскерип, кыргыздардын колониалдык бийликке каршы көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү мемориалы орнотулган.

5-август
5
Көк-Мойнок айылы
5-август
6
Балыкчы шаары
5-август
7
Тору-Айгыр айылы
5-авгус
8
Долинка айылы
6-август, саат 10:00
9
Григорьевка айылы
6-август, саат 12:00
10
Түп району
Түп району: Ак-Булак, Шаты, Талды-Суу, Кең-Суу, Чоң-Таш айылдары, Санташ.
Түп району, Кара-Баткак эс тутум жайында куран окутуу.
7-8-август
11
Каракол шаары

Каракол шаарында Үркүндүн 100 жылдыгына карата мемориал орнотулган. Эстеликтин автору, сүрөтчү-скульптор Марлен Бакатиев.

9-август, саат 10:00
12
Ырдык айылы
10-август, саат 14:00
13
Оргочор айылы
11-август, саат 10:00
14
Барскоон
11-август, саат 12:00
15
Сөөк ашуусу
11-август
16
Шейиттер бейити
Үркүн курмандыктары, 1916-жылкы көтөрүлүштүн Тоң аймагындагы активдүү уюштуруучуларынын көрүстөнү.
Бул көрүстөнгө ысымы жазылгандардын сөөгү толук алынып келинген эмес. Жергиликтүү улуу муундун айтуусунда маркумдар азыркы Тамга айылында атып өлтүрүлгөн.
Туура-Суу айылы, Тоң району
12-август, саат 10:00

17
Кырк -Шейит бейити

Кырк шейит" бейити 1916-жылы Улуттук боштондук күрөштө Кытай тарапка качпай ("үркпөй") курман болгондордун көрүстөндөрү. Бул бейит Ысык- Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан.

1916-жылкы көтөрүлүштө Токмок каршылыгынан кийин элди басуу үчүн генерал Куропаткин баштаган жазалоочу отряддар Тоң өрөөнүнө келишкен экен.

Бул трагедиялуу окуя элдин эс тутумунда кара так болуп кала берген, жана азыркы чейин эл оозунда чоң кайгы менен эскерилет.

12-август, саат 12:00

18
Кыргын-Сай кыркасы
Бул эс тутум жайынын аты эле трагедияны айтып турат.
1916-жылы бул жерде Ысык-Көлдүн түндүгүнөн качкан Чиркей (Саяк) эли орус аскерлеринин колунан кырылган дешет.
Бир айылдын элинен бир секелек кыз гана тирүү калып, кийин Тосор айылына турмушка чыгып, өмүрүнүн аягына чейин бул айылда жашаган экен.
Кийинчерээк 1960-жылдары санаторийден чыгып калган Сталиндин эски айкелин бул сайга орнотушуп, бул сайдын Сталин Сай деп дагы аталып калганы бар. Кыргын-Сайда түрк дооруна таандык петроглиф, сак доорунан калган коргондор дагы бар, тарыхый жер.
13-14-август

Эскерүү жүрүштүн маршурту

Жүрүшкө жарандык активисттердин, окумуштуулардын, медиа өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Бардык кызыктар тараптарды жана бул окуяларга кайдыгер эмес инсандарды эскерүү жүрүшүнө кошулууга чакырабыз. Жүрүштүн деталдуу маршурту, иш-чаралардын программасы жакын арада жарыяланат.


Кененирээк маалымат үчүн esimdekg@gmail.com дарегине кайрылыңыздар.

+996 709067329
esimdekg@gmail.com
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website