Каракол шаарында Үркүндүн 100 жылдыгына карата мемориал орнотулган. Эстеликтин автору, сүрөтчү-скульптор Марлен Бакатиев.
9-август, саат 10:00Кырк шейит" бейити 1916-жылы Улуттук боштондук күрөштө Кытай тарапка качпай ("үркпөй") курман болгондордун көрүстөндөрү. Бул бейит Ысык- Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан.
1916-жылкы көтөрүлүштө Токмок каршылыгынан кийин элди басуу үчүн генерал Куропаткин баштаган жазалоочу отряддар Тоң өрөөнүнө келишкен экен.
Бул трагедиялуу окуя элдин эс тутумунда кара так болуп кала берген, жана азыркы чейин эл оозунда чоң кайгы менен эскерилет.
12-август, саат 12:00
Жүрүшкө жарандык активисттердин, окумуштуулардын, медиа өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Бардык кызыктар тараптарды жана бул окуяларга кайдыгер эмес инсандарды эскерүү жүрүшүнө кошулууга чакырабыз. Жүрүштүн деталдуу маршурту, иш-чаралардын программасы жакын арада жарыяланат.
Кененирээк маалымат үчүн esimdekg@gmail.com дарегине кайрылыңыздар.